Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХIX сессиясы
2014-жылдын 11-июну № 19-10
Ноокат шаарынын жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагына келечекте курулушу көздөлгөн булганыч суулар тазалоочу курулмаларды курууга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин 2014-жылдын 08-октябрындагы кезектеги 13-сессиясынын №13-3 –токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын инфраструктурасын жана Ноокат шаарын кеңейип баражатканын, калктын саны артып баражатканын эске алып, келечекте санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу максатында келечекте Ноокат шаары жана айылдык аймакта курулушу көздөлүп жаткан булганыч сууларды тазалоочу тизиминин, булганыч сууларды тазалоо курулмаларынын курулушуна жер тилкесин ажыратып берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-главасынын 68-беренесин 4-пунктунун талаптарына негиз А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын инфраструктурасын жана Ноокат шаарын кеңейип баражатканын, калктын саны артып баражатканын эске алып, келечекте санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу максатында Ноокат шаары жана А.Мирмахмудов айылдык аймагында курулушу көздөлүп жаткан булганыч сууларды тазалоочу тизиминин, булганыч сууларды тазалоо курулмаларынын курулушуна жер тилкесин ажыратып берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-главасынын 68-беренесин 4-пунктунун талаптарына негиз А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын «Киров» айылынын Арал бөлүмүндө жайгашкан №1833 контурунан 2014-жылдын 08-октябрнады 13 сессиясынын 13-3 токтомунда ажыратып берилген 0,85 га сугат айдоо жерине өзгөртүү киргизип 3,0 га сугат айдоо жери деп эсептелсин жана 1828-1830 контурларда жайгашкан ыңгайсыз жайыт жерден 1,15 га жер аянты ажыратып берилүүсү жокко чыгарылсын. жогорудагы максаттар үчүн трансформациялап, багытын өзгөртүп берүү жана айылдык аймактын жер балансасына өзгөртүүлөр киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын «Киров» айылынын Арал бөлүмүндөгү, элдин үлүшүндө турган №1833 контурда жайгашкан 3,0 га суулу айдоо жер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, айыл чарба багытынан өнөр жайынын,транспорттун, байланыштын, коргоонкн жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына трансформациялоого уруксат берилгенден кийин Чапаев айылынын «Беш-тал» бөлүмүндө жайгашкан №2266ч контурундагы мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлеринин ордуна жылдырылып, үлүш ээлерине бөлүштүрүлүп берилсин.
3. Келечекте курулушу көздөлүп жаткан райондук булганыч сууларды тазалоочу курулмага ажыратылган жердин иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнөн жана Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо мекемесинен суралсын
4. Ушул токтом мыйзам негизинде аткаруууга алынсын.
5. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаевдерге жүктөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |