Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХIX сессиясы
2014-жылдын 11-июну № 19-11
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылына «айыл» статусун берүү жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги №1-10/353 санду катында А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылында айыл статусун алуу жөнүндөгү көрсөтүлгөн. Киров айылынын жашоочулары мененболгон жолугушулардын жыйынтыгы менен Киров айылынын айыл деген статусу керек экендиги байкалып Киров айылында 1024-кожолук жана 5812 калк жашап жатат, Жалпы аянты 867 ч.м турак жай айыл чарба багытында 770 гектар жери бар. Киров айылы учурунда мамлекеттик (САОТЕ) кирбей калгандыгына байланыштуу, Киров айылына айыл статусу берилиши боюнча А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши талкуулап кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл айымагында жайгашкан Киров айылы, мамлекеттик каттоодон өтпөй калгандыгына байланыштуу Киров айылына айыл статусу берилсин.
2. Киров айылын мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Ноокат райондук статистика башкармалыгынан суралсун.
3. Киров айылынын мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров, айыл өкмөтүнүн статис кызматчысы Ш.Шамсутдинов жана жооптуу катчысы Г.Нарбаеваларга жүктөтүлсүн
4. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
5. Тоткомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |