Редакцияот 26.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын IV сессиясы

 

2014-жылдын 26-августу № 01-7/12

Баткен облусунун ардагерлер Кеңешинин Баткен облусунун чыгармачыл ишкерлеринин Кайрылууларынын негизинде Кыргыз мамлекетинин калыптанышына өсуп-өнүгүшүнө з салымын кошкон улуу инсан жердешибиз М.Салиховдун ысмын туболукко калтыруу анын омурунун жана ишмердуулугунун улгусундо жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында Самаркандек айылдык кенешинин IV Чакырылышынын IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл өкмөтүн Мамлекеттик жана коомдук ишмер Мурат Салихов атындагы айыл өкмөтү деп атоо жөнүндөгү кайрылуулары колдоого алынсын.

2. Самаркандек айыл өкмөтүнө Мамлекеттик жана коомдук ишмер Мурат.Салиховдун ысмы ыйгарылсын Мурат Салихов атындагы Самаркандек айыл өкмөтү деп аталсын.

3. Ушул токтомду бекитип беруу жагы Баткен районунун жергиликтуу кенештеринин кошмо жыйынынан суралсын.

 

Самаркандек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Насыров