Редакцияот 06.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII заседаниеси

 

2015-жылдын 6-апрели № 18/3

 Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында кайра  бөлүштүрүү фондусунун

жерлерин конкурска берүүдө баштапкы бааны бекитүү жөнүндө

Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык Кеңеште кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери өлчөнүп такталсын.

2. 2015- жылга КБФнын жерлери ижарага  чөп чабынды жерлер 5 (беш) жылдык, сугат жерлер 3 (үч) жылдык  мөөнөттөн кем эмес берилсин.

Баштапкы баасы 1 га кайрак жер үчүн   -  400  сом.

                                       Сугат жер үчүн      -  1200 сом.

            Чөп чабынды алыскы жер үчүн    -   600  сом.

                                 Жакынкы жер үчүн      -  800  сом.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, конкурсту өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине  жана  салык кызматкерине жүктөлсүн, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.

 

Жошолу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Иманахунов