Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX заседаниеси
2015-жылдын 18-апрели № 19/1
Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салыктын түрлөрүнүн базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна ылайык Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салыктын төмөндөгү түрлөрүнүн базалык ставкасы 3 (үч) эсеге чейин көтөрүлсүн.
№ | Салыктын аталышы | Өкмөттөгү жердин аянты | Азыркы базалык ставкасы | Суммасы | Көбөйтүүдөгү базалык ставкасы | Көбөйгөндөгү суммасы | Айырмасы |
1 | Сугат айдоо | 61,0 га | 140-00 | 8540-00 | 400,0 | 24400,0 | 15860,0 |
2 | Кайракы айдоо | 340,0 га | 41-42 | 14082-80 | 120,0 | 40800,0 | 26717,2 |
3 | Чөп чабынды | 1449,0 га | 13-85 | 20068-65 | 40,0 | 57960,0 | 37891,35 |
4 | Бак | 2,0 га | 246-00 | 492-00 | 700,0 | 1400,0 | 908,0 |
|
|
|
| 43183-45 |
| 124560,0 | 81376,55 |
2. Токтомдо кабыл алынган базалык ставка токтом кабыл алынган күндөн баштап 2015-жылдын жергиликтүү бюджетин толтурууда колдонулсун.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башкы салык кызматкери А.Жеенбековго, ал эми көзөмөлдөө жагы өкмөт башчы Ж.Өмүрзаковго тапшырылсын.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |