Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX заседаниеси
2015-жылдын 18-апрели № 19/3
Жошолу айылдык кеңешинин 2015- жылдын 06-апрелиндеги № 18/4 токтомун жокко чыгаруу тууралуу
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин 2015- жылдын 06- апрелиндеги № 18/4 токтому жокко чыгарылсын.
2. Осоавиахим айылындагы Атыров Искендербектин үйүнүн жанындагы бош жерден бала бакча салуу үчүн жер аянты такталып берилсин, жер тилкесин тактап көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси М .Топчубаевге, айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бөлүнүп берилген жердин тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жер адис М.Топчубаевге жана айыл өкмөтүндө түзүлгөн жер боюнча комиссиясына , ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |