Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX заседаниеси
2015-жылдын 18-апрели № 19/6
Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковдун Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018-ж.ж. долбоору боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2016-жылга жалпы 7711,0 миң сомго (толуктоочу грант 6300,0 миң сом, өздүк киреше 1411,0 миң сом) 2017-жылга долбоору 7871,0 миң сомго(анын ичинен толуктоочу грант 6450,0 миң сомго, өздүк киреше 1421,0 миң сомго), 2018-жылга долбоору 7921,0 миң сомго (анын ичинен толуктоочу грант 6500,0 миң сомго, өздүк киреше 1421,0 миң сомго) жактырылып бекитилсин.
2. Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылга 7711,0 миң сомго, 2017-жылга 7871,0 миң сомго жана 2018-жылга 7921,0 миң сомго долбоорлору жактырылып бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |