Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 20/3
Айыл өкмөтүнүн тургундарына өзүнүн тамаркасынын ичинен балдарына,
жакындарына турак жай салууга уруксат берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Шерматовдун, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн тургундарына өзүнүн тамаркасынын ичинен балдарына, жакындарына турак - жай салуу үчүн арыз менен кайрылгандарга, өзүнүн тамаркасынын ичинен балдарына, жакындарына турак жай салууга уруксат берүү жөнүндө сунушун карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн тургундарына өзүнүн тамаркасынын ичинен балдарына, жакындарына турак - жай салуу үчүн арыз менен кайрылгандарга, мыйзам чегинде өзүнүн тамаркасынын ичинен балдарына, жакындарына турак жай салууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |