Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 20/4
Керме Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашап жеке менчик турак жай курууга жер участокторун алуу үчүн талапкер адамдардын тийиштүү документтерин аныкталган тартипте изилдеп, карап чыгуу максатында түзүлгөн комиссиянын курамын өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Шерматовдун Керме Тоо айылдык кеңешинин 28.03.2013 -жылдагы «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартибин жөнгө салуу, жер участокторун берүү боюнча иштерин жүргүзүү жана уюштуруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө» № 7/4 токтомуна айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашап жеке менчик турак жай курууга жер участокторун алуу үчүн талапкер, адамдардын тийиштүү документтерин аныкталган тартипте изилдеп, карап чыгуу максатында түзүлгөн комиссиянын курамы өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашап жеке менчик турак жай курууга жер участокторун алуу үчүн талапкер адамдардын тийиштүү документтерин аныкталган тартипте изилдеп, карап чыгуу максатында түзүлгөн комиссиянын курамы төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аталган комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндөгү арыз, өтүнүчтөрүн жана аларга кошулган документтерди аныкталган тартипте изилдеп жер участогун берүү же жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимин тийиштүү протокол менен чечмелеп айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына сактоого тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |
| Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27- мартындагы № 20/4 токтомуна тиркеме |
Керме Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашап жек -менчик турак жай курууга жер участокторун алуу үчүн талапкер адамдардын тийиштүү документтерин аныкталган тартипте изилдеп, карап чыгуу максатында түзүлгөн комиссиянын курамы:
1. Гүлжигитов Суюнбай - Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы комиссиянын төрагасы.
2. Мурзаев Кушбак. - Айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын теңтөрагасы.
3.Шамуратов А. – жооптуу катчы. комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү.
1. Аматов Акжол – Араван райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын адиси(макулдашуу менен).
2.Шерматов Абдиллабек - Айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси.
3. Түлкүбаев Маматкарим. - айылдык кеңештин депутаты.комиссиянын мүчөсү.
4. Ташматов Алымжон - Жеңиш,Манас,Бирлик,участкаларынын айыл башчысы.
5.Мамаев Абдувай. – Пахта-Арал,Жаңы-Жол, Соколок участкаларынын айыл башчысы.
6.Мамаджаров Салимбай - Чөгөм айылынын айыл башчысы.
7. Айдаркулов Асилбек - Кичик-Алай айылынын айыл башчысы.