Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 20/5
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Фонддун сугат, кайрак жерлердин мөөнөтү бүткөндөрүнө аукцион, конкурс жана түз берүү жолдору менен берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Шерматовдун айыл өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Фонддун сугат, кайрак жерлердин мөөнөтү бүткөндөрүнө аукцион, конкурс жана түз берүү жолдору менен берүү боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Фонддун сугат, кайрак жерлердин мөөнөтү бүткөндөрүнө аукцион, конкурс жана түз берүү жолдору менен берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аталган комиссия Кыргыз Республикасынын жарандарынын арыз, өтүнүчтөрүн жана аларга кошулган документтерди аныкталган тартипте изилдеп аукцион, конкурс өткөрүү боюнча чечимин тийиштүү протокол менен чечмелеп айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына сактоого тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |