Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 20/6
Гүлбаар айылынын Манас участкасындагы З. Орозов көчөсүндөгү жаңы конуштагы
2014 - жылы ашар жолу менен курулган мечитти мыйзамдаштыруу максатында,
мечитке тийиштүү документтерди даярдоо жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылынын Манас участкасынын З. Орозов көчөсүндөгү жаңы конушка 2014-жылы ашар жолу менен чакан мечит курулуп толугу менен иштеп жатат мечитти мыйзамдаштыруу максатында токтом чыгарып берүү жөнүндөгү Манас айылынын тургундарынын арызын кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылына караштуу Манас участкасынын З. Орозов көчөсүнүн тургундарынын арызы канаатандырылсын.
2. Гүлбаар айылына караштуу Манас участкасындагы 2014 - жылы ашар жолу менен курулган мечитти мыйзамдаштыруу максатында мечитке тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Араван райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнөн жана жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө менчик укуктарын каттоо бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |