Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 20/7
Гүлбаар айылынын Манас участкасындагы көчөлөргө ат кою жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылынын Манас участкасынын тургундарынын Т.Токтобаев көчөсүндөгү Эгебаев Жолчунун үйүнүн жанынан кирген көчөгө маркум Мурзаев Абийбилланын атын ыйгаруу жана Бирлик участкасынын М.Тагаев көчөсүнөн Манас участкасына кирген көчө (Мусурманкулов Сабырбайдын үйү жакка кирген көчө )«Сали Бий» көчөсү деп атап бекитип берүү берүү жөнүндөгү Манас айылынын тургундарынын арызын кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Токтобаев көчөсүндөгү Эгебаев Жолчунун үйүнүн жанынан кирген көчөгө маркум Мурзаев Абийбилланын аты ыйгарылсын жана Бирлик участкасынын М.Тагаев көчөсүнөн Манас участкасына кирген көчө (Мусурманкулов Сабырбайдын үйү жакка кирген көчө )«Сали Бий» көчөсү деп аталсын.
2. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |