Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-июлу № 9/2
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Сары-Камыш»
айылына «Спорт-зал» курулушун курууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтуу жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын козомолго ишке ашыруу жөнүндөгу» болумчосуно ылайык Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Сары-Камыш» айылына «Спорт-зал» курулушун курууга уруксат берилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Сары-Камыш» айылына «Спорт-зал» курулушун куруу учун айыл өкмөтү тарабынан ченемдик укуктук актыларын даярдап берүү жана жерин чектеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловго тапшырылсын.
3. «Спорт-зал» курулуш имаратынын архитектуралык пландоосун (АПЗ) даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар курулуш башкармачылыгынан суралсын.
4. Курулуш иштерине демоорчулор менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы Сары-Камыш айылынын айыл башчысы Т.Бакыевге жуктолсун.
5. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин торагасынын орун басары А.Абдыкадыровго жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы К.Султановго тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Орозбаев |