Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-сентябры № 10/7
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-Май айылынын
тургундарын ичуучу таза-суу менен камсыздоо максатында, 1-Май
айылында жайгашкан ПРООН тарабынан колдоого алынган «Кара-
Ток» жана «Жаргылчак» участокторуна ичуучу таза-суу тутугун
куруу учун, айыл өкмөтүнүн оздук салымы катары акча каражатын
бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-Май айылынын тургундарын ичуучу таза-суу менен камсыздоо максатында, 1-Май айылында жайгашкан ПРООН тарабынан колдоого алынган «Кара-Ток» жана «Жаргылчак» участокторуна ичуучу таза-суу тутугун куруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Жороевдин билдируусун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-Май айылынын тургундарына ичуучу таза-суу менен камсыздоо, айыл өкмөтүнүн биринчи кезектеги маселе экендиги белгиленсин.
2. 1-Май айылында жайгашкан «Кара-Ток» жана «Жаргылчак» участокторуна ичуучу таза-суу тутугун куруу жөнүндөгу долбоорду колдоп берүү жагы Бириккен Улуттар Уюмунун онугуу программасынан (ПРООН) суралсын.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинен «Кара-Ток» жана «Жаргылчак» участокторуна ичуучу таза-суу тутугун куруу учун, айыл өкмөтүнүн оздук салымы катары 532.000 (беш жуз отуз эки мин ) сом акча каражаты болунуп берилсин.
4. «Сур-Таш» СООППВ тарабынан «Кара-Ток» жана «Жаргылчак» участокторуна ичуучу таза-суу тутугун куруу учун оздук салым катары 280.000 (эки жуз сексен мин) сомдук курулуш материалы менен камсыздоо тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Орозбаев |