Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 12/2
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2014-жыл бюджетинин 9 (тогуз)-
айынын аткарылышынын абалы жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2014-жыл бюджетинин 9 (тогуз)- айынын аткарылышынын абалын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2014-жыл бюджетинин 9 (тогуз)- айынын аткарылышы айрым кемчилдиктер жана белгиленген пландан 628.700 сомго кем аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика болумунун башчысы Б.Султанова :
- Айыл өкмөтүнүн акча каражатын иштеткен аткаруучулардын документтериндеги кемчилдиктерди болтурбоо, толуктоо иштерин жандандырсын жана айыл өкмөтүнүн 2014-жыл бюджетинин планын толук аткарууну камсыздасын.
- салыктын кошумча булактарын издеп табуу боюнча иштектуу чараларды кучотсун;
-муниципиалдык жерлерди, имараттарды ижарага (арендага) берүүну камсыздасын;
- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана жеке жактарга, айыл өкмөтүнүн 2014-жыл бюджетинен берилген акча каражаттары эффективдуу, багыттуу иштетилишин камсыздасын.
- Айылдардын инфраструтурасын онугууга каралаган Кара-Кулжа айылы учун – 836.760 сом, Биймырза айылы учун -128.000 сом жана 1-Май айылы учун – 469.000 сом акча каражаттарын башка статьяларга карабай, оз максатында иштетилишин камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укукутук негизги-принциптери жөнүндөгу мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтуу оз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгу мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2015-жыл бюджети жөнүндө айыл-айылдарда элдик коомдук угууларды 2015-жыл январь айында откоруу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А. Жороевго мидеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин торагасынын орун басары А.Абдыкадыровго жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим беру, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын торайымы К.Эркебаевага тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Орозбаев |