Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын V сессиясы
2015-жылдын 29-июну № 3
Жалал-Абад шаарындагы жаңы көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосун жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан Котур-Каман участкасындагы жаңы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Молдобаев Мурзаттын ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан Кыргызстан айылындагы жаңы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Абдраимов Токторбайдын ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаарындагы Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан Качкынчы айылындагы жаңы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Исаков Баиттин ысымы ыйгарылсын.
4. Жаңы көчөгө аншлагтарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (А.Нуркулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |