Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын V сессиясы
2015-жылдын 29-июну № 5
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине АРИС долбоору аркылуу жаӊы курулган мүлктөрдү кабыл алуу, оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жана муниципалдык менчиктеги имаратты оперативдүү башкарууга өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 6-пунктуна жана 16-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 03.04.2015-жылдагы №410 жана 10.06.2015-ж №754-каттарын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС долбоору аркылуу курулган Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүндө жайгашкан №4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаӊы имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксат берилсин жана Жалал-Абад областтык үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
2. АРИС долбоору аркылуу курулган Жалал-Абад шаарынын Жеӊи Жок көчөсүндөгү «Балдардын билимин өркүндөтүү» борборунун жаӊы имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксат берилсин жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
3. АРИС долбоору аркылуу курулган Жалал-Абад шаарынын №17-орто мектебинин кошумча курулган жаӊы имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксат берилсин жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин
4. Жалал-Абад шаары Эркиндик көчөсү 12а дарегинде жайгашкан муниципалдык имаратты Жүргүнчүлөрдү ташуучу агенттигине оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
5. Жалал-Абад областтык үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директоруна (М.Миянов), Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) жана Жүргүнчүлөрдү ташуучу агенттигинин директоруна (К.Калыбеков) оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |