Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын V сессиясы
2015-жылдын 29-июну № 6
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер аянтынан Курманбек 10а дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн кондоминиумуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 6-пунктуна жана 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 28.04.2015-жылдагы №545-катыны шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек, 10а дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн кондоминиумуна 3454 чарчы метр жер тилкесин акысыз түрдө мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (С.Авазов) кондоминиумга тиешелүү болгон 3900 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Курманбек 10а дарегиндеги кондоминиумдун жашоочуларына бөлүнүп берилген жер аянтын Кыргыз Республикасынын «Турак жай ээлеринин шериктештиги (кондоминиум) жөнүндө» мыйзамына ылайык пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |