Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын V сессиясы
2015-жылдын 29-июну № 8
Жалал-Абад шаарынын аймагында жер сатууга мораторий жарыялоо жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 20.01.2015-жылдагы № 3-2/78-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагында (социалдык объектилерди куруу, муниципалдык менчиктеги имараттарды оӊдоп түзөөгө, көп кабаттуу үйлөрдү курууга келген инвесторлорду кошпогондо) жер тилкелерин сатууга 2015-2016-жылдарга мораторий жарыялансын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) ушул токтомдун аткарылышын жеке көзөмөлгө алуу жана муниципалдык менчиктеги жерлердин тескөөдө жана пайдаланууда ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |