Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын ХXIV сессиясы
2015-жылдын 29-июну № 9
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 15.10.2015-жылдагы № 10-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак-Жай Кодексинин 59-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 18.08.2014-ж. чыг.№05-01/1701-катынын негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги ХXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 15.10.2015-жылдагы №10-токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы Жалал-Абад шаары К.Республикасы көчөсү, 143-7 дарегинде жайгашкан кызматтык батирди КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери Э.Эрмеевге акысыз түрдө жеке менчигине өткөрүлүп берилсин».
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б.Джусупбеков) кызматтык батирди мыйзам чегинде Э.Эрмеевдин жеке менчигине өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н. Казакбаев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |