Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын ХXIV сессиясы
2015-жылдын 29-июну № 10
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга
киреше бөлүгүнүн долбоорун жактыруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 02.06.2015-жылдагы чыгыш № 4-3/1040 катынын негизинде жана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Маматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 367 975,6 миӊ сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 60,5 миӊ сом өлчөмүндө № 1 тиркеменин негизинде жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаардык финансы бөлүмүнүн башчысына (А.Раматиллаев) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга киреше бөлүгүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |