Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын ХXIV сессиясы
2015-жылдын 29-июну № 11
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 05.03.2015-жылдагы №4-токтомуна жана 14.04.2015-жылдагы №6-токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 16.06.2015-жылдагы чыгыш № 201 катынын негизинде жана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Маматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 05.03.2015-жылдагы №4-токтомунун 11-тиркемесиндеги Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба депатаментинин штаттык тизимине «Мир» кинотеатрдын алдындагы аянтчаны кароо үчүн «кароолчу» эки штат бирдиги кошулсун жана Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинин 2015-жылга бекитилген сметасынын чегинде шаар көчөлөрүнө жол сызыктарын чийүүгө каралган тендерден үнөмдөлгөн акча каражатынан 84 253 сом мекеменин эмгек акы фондуна жылдырууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги XXII-сессиясынын № 6-токтомунун 13-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюууга катышкан Жалал-Абад шаарынын тургундарына бир жолку төлөнүүчү жөлөк пулун ар бир катышуучуга 2,0 миӊ сомдон жалпысы 56,0 миӊ сом акча каражатын муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин сметасындагы тендерден үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Кайрымдуулук Борбору аркылуу төлөп берүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин».
3. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан эл аралык донорлор аркылуу жеӊишке ээ болгон долбоорлорду колдоо үчүн Жалал-Абад шаардык кеӊеш тарабынан 05.03.2015-жылы кезектеги №4-токтомунун 9-пунктундагы үлүштүк каржылоого каралган акча каражатынын жергиликтүү бюджеттин салымы 30% өлчөмүнөн ашпаган деген талабы колдонулбасын.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |