Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 15-апрели № 4/4
Сон-Көл айыл аймагында жашап жаткан чабандарынын жаз-күз айларында көчүү конуусу жөнүндө
Жалпы элдик чогулушта көрсөтүлгөн чабандардын көчүү конуусу боюнча графиктерин жана салынуучу айыптарды карап талкуулап Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көчүү конуунун графиги төмөндөгү тартипте бекитилсин. -жайлоого көчүү 25-майдан 1 –июнга чейин. - жайлоодон түшүү 25-сентябрдан 1- октябрга чейин. - сырттан келген мал 1-октябрда айдалып кетсин.
2. Жайыт комитетии менен чабандардын ортосунда эки тарапт уу келишим түзүлүп айыл өкмөтү тарабынан бекитилсин.
3. Келишимди бузуп эрте түшүп келген чабандарга 5000 минг сом айып салынып кайра жайлоосуна көчүрүлсүн.
4. Сырттан келген малдардын жугуштуу оорулары жоктугун көзөмөлдөө вет адис Т.Быкыевге милдеттендирилсин.
Сон-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Байбостонов |