Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 15-апрели № 4/7
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин уюштуруу документтерин мыйзам тараптарына ылайык келтирүү максатында Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык бекитилсин.
2. ”Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши” мекемеси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сон-Көл айыл аймыгынын айылдык Кенешинин төрагасы М.Байбостоновго жүктөлсүн. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана Мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жактан мамлекеттик кайра каттоо маселелери тийешелүү мамлекеттик жана тийешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталсын.
Сон-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Байбостонов |