Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VI сессиясы
2013-жылдын 16-августу № 6/3
“Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3-топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткаруу менен Сон-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналдык коеффицентин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Сон-Көл айыл өкмөтүнүн ” Жергиликтүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин. -айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын ; - мүлк салыгын 1,2,3,4 топтогу обьектилерин; -Кз зоналдык коеффиценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилси; -жер салыктарына жана мүлк салыктанынын 1,2,3топтогу обьектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коеффиценти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүү жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Сон-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Байбостонов |