Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 17-февралы № XIII 4-5
“Төө-Моюн-Ата” калктуу конушунун жашоочуларынын чогулушунун ФАП курууга жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү токтому тууралуу
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровдун маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп чыгып айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн-Ата жаңы калктуу конушунун жашоочуларынын мыйзамдуу таламдарын канааттандыруу максатында айыл өкмөтүнө сунуш кылынсын:
-аталган калктуу конуштун башкы планына ылайык социалдык-маданий обөекттерге каралган жерлерден ФАП куруу үчүн зарыл болгон жер участогун ажыратып берүү;
-ажыратып берилген жер участогун муниципалдык менчикте калтыруу менен иш кагаздарын түзүү жана ФАПтын курулушуна ички жана тышкы инвестицияларды тартуу иштерин жүргүзүү.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп баруу милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер маселелери, аймакты көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|