Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 17-февралы № XIII-6
Төө-Моюн айыл аймагынын «Эсенбай» калктуу конушунун жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында суу тазалоочу курулмаларын жана суу түтүктөрүн орнотуу үчүн жер участогун ажыратууга уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу М.Осмоновдун маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп чыгып айылдык кеңештин кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнө:
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана жер мамилелери боюнча аракеттеги ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык “Эсенбай” калктуу конушунун жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында суу тазалоочу курулмаларын куруу жана суу түтүктөрүн тартып баруу үчүн зарыл болгон жер участогун ажыратууга уруксат берилсин;
-жер участогун ажыратууда жана курулуш иштерин жүргүзүүдө жер пайдалануучулардын, жер ээлеринин укук жана кызыкчыларын эске алуу, ошондой эле экологиялык, жана башка атайын талаптардын сакталышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, экология, муниципалдык менчик жана аймакты көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Алимбеков) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|