Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 5-марты № XIV-1
“Сары-Таш”айылынын“Ак-Тилек” калктуу конушунун жашоочуларынын намазкана куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү тууралуу кайрылуусу жөнүндө
Айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровдун “Ак-Тилек” калктуу конушунун жашоочуларынын намаз кана курууга жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусу боюнча маалыматын, аталган калктуу конуштун маала комитетинин төрагасы А.Касымовдун билдирүүсүн жана сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирин угуп чыгып айылдык кеңештин сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Ак-Тилек” калктуу конушунун жашоочуларынын кайрылуусун канааттандыруу максатында намаз кана куруу үчүн жер участогун ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтү: . -аталган калктуу конуштун аймагынан намазкана куруу үчүн зарыл болгон жер участогун ажыратууну башкы планга ылайык, муниципалдык менчикте калтыруу менен жүргүзсүн;
-намазкананын имаратынын курулушун жүргүзүүдө шаар куруу регламенттеринин сакталышын көзөмөлдөө жана имаратты муниципалдык менчик обөекттеринин реестрине киргизүү иштерин алып барсын. .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, экология, муниципалдык менчик жана аймакты көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Алимбеков) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|