Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 30-апрели № XV-2
Найман» айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Осмоналиев Рахманалиге "Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу"наамын ыйгаруу жана төш белги менен сыйлоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровдун сунушун угуп, айылдык аймакта Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ленинград блокадасынын жалгыз катышуучусу экендигин жана Россия Федерациясынын чакыруусу менен Ленинград шаарынын блокададан бошотулгандыгынын 70 жылдык майрамына катышуу үчүн жөнөп жаткандыгына байланыштуу айылдык кеңештин 2014-жылдын 14-февралындагы №ХУ-4-токтому менен бекитилген "Айыл аймагынын ардактуу жараны"наамын жана төш белгисин ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1."Найман" айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Ленинград блокадасынын катышуучусу Осмоналиев Рахманалиге "Төө-Моюн айыл аймагынын ардактуу атуулу" наамы ыйгарылсын.
2.0смоналиев Рахманалиге "Төө-моюн айыл аймагынын ардактуу жаранынын" №1-төш белгисин, күбөлүгүн салтанаттуу кырдаалда тапшыруу жана Жобого ылайык жол жоболоштуруу айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровко жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|