Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 16-май № XVI-1
Төө-Моюн айыл аймагынын “Авиз” айылындагы
маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонтоо жөнүндө
Күн тарибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин депутаты Э.Юлдашевдин маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп чыгып айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Авиз” айылындагы маданият үйүнүн имаратын ремонттоо жана мындан ары аны өз максатында пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнө тез арада төмөндөгү иш чараларды аткаруу сунуш кылынсын:
-маданият үйүнүн техникалык абалын аныктоо жана капиталдык ремонтунун чыгымдар сметасын даярдоо;
-капиталдык ремонт иштерине зарыл болгон каражаттарды издеп табуу үчүн ички резервдерди талдап чыгуу жана тийиштүү мамлекеттик органдарга Републикалык бюджеттен үлүштүк түрткү берүүчү грант ажыратып берүү үчүн кайрылуу;
2. Маданият үйүнүн капиталдык ремонту үчүн зарыл болгон каражаттын жалпы өлчөмүнүн 11% (310 миң сом) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо милдети айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Тагаева) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|