Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XX сессиясы
2014-жылдын 12-сентябры № XX-1
Айыл аймагынын “Сырт” айылынын тургуну
Матысакова Маликенин ушул айылдагы өзүнүн каражаттарынын эсебинен салган китепкананын имаратын өз менчигине мыйзамдаштырып берүү жөнүндөгү арызы тууралуу
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровдун маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп чыгып, 2002-жылы Матысакова Малике өзүнүн каражаттарынын эсебинен имарат куруп, китепкана катарында пайдаланып келе жаткандыгын, ушул фактыны ырастоочу 2013-жылдын 18-мартында айыл активи тарабынан түзүлгөн актыны, айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 26-июнундагы № 43-чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19, Турак жай кодексинин 15, Жер кодексинин 18-беренелерине негиз айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнө:
-”Сырт” айылынын тургуну Матысакова Маликенин арызындагы талаптарды канаатандырып, мүлккө менчик укугун ырастоочу баштапкы документтерди бүткөрүп берүү сунуш кылынсын.
-арыздагы маселени Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна, Жер кодексинин 4, 14,44-беренелерине жана аракеттеги-курулуш, турак жай жаатындагы ченемдик укуктук актыларына ылайык чечсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик жана аймакты көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Алимбеков) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|