Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № XХII-3
Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдар мезгилинде айыл аймагын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкарууну мындан ары өркүндөтүү боюнча иш чаралар планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары М.Орозбаевдин жана сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп жана талкуулап, «2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясында», «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасында» белгиленген милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негиз айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-2017-жылдар мезгилинде Төө-Моюн айыл аймагын ар тараптан өнүктүрүүнүн стратегиялык иш аракеттер планы киргизилген толуктоолору менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Cтратегиялык планда белгиленген иш чаралардын өз мөөнөттөрүндө жана так аткарылышын камсыз кылуу максатында каржылоонун ички резервдерин мобилизациялоо, тышкы инвестицияларды тартуу, чет элдик донор уюмдар менен иштөөнү жандандырууда айыл өкмөтүнүн аппаратынын бүткүл дарамети, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык бутактарынын мүмкүнчүлүктөрү максималдуу пайдаланылсын.
3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусун активдештирүү боюнча айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери туруктуу иш алып барышсын.
4. Стратегиялык планды жүзөгө ашыруу мезгилдеринде айылдык аймактагы ишкана, мекме, уюмдардын жетекчилери ар тараптан уюштуруучулук жардамдарды көрсөтүшсүн.
5. Айылдык кенештин сессияларында стратегиялык пландагы белгиленген иш чаралардын аткарылышы боюнча жооптуу кызматкерлердин отчеттору мезгил-мезгили менен угулуп барылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кенештин туруктуу комиссияларына (торагалары: Алимбеков, Абдуллаев, Тагаевага) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|