Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № XХII-4
Төө-Моюн айыл аймагындагы пайдаланылбай бош жаткан жайыт категориясындагы кээ бир жер участокторун башка категорияга которуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары М.Орозбаевдин маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп чыгып, айыл аймагынын тургундарынын социалдык, турмуш-тиричилик багытындагы обьекттерди куруу үчүн жер участокторун ажыратып берүү жөнүндөгү арыздарын канааттандыруу максатында жайыт катарында катталып, бирок өз максатында пайдаланууга б.а.мал жаюуга жараксыз, ошондой эле айыл чарба багытында болбогон, бош жаткан кээ бир жер участокторун башка түргө которуу экономикалык жактан да максатка ылайыктуу экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын ”Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесине,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине негиз айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айыл аймагындагы“Караван-Төө-Моюн”автожолунун 9,10-чакырымдарынын четиндеги, жолдун Чыгыш жана Батыш тараптарындагы жайыт катарында катталып, бирок өз максатында пайдаланууга жараксыз, шагыл карьерлери, ошондой эле айыл чарба багытында болбогон, пайдаланылбай бош жаткан жер участокторун тиркемеге ылайык социалдык, өндүрүштүк, турмуш-тиричилик обьекттерин куруу максаттарында пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдуллаевке Кыргыз Республикасынын жер мамилелери боюнча аракеттеги мыйзам актыларында белгиленген тартиптерге ылайык тиркемеде көрсөтүлгөн жер участокторун бир категориядан башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Араван райондук малекеттик администрациясына кайрылуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөп баруу милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Б.Алимбеков) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|