Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № XХII-6
Төө-Моюн айыл аймагында 2014-2020-жылдар мезгилинде ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүү Программасынын долбоору жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары М.Орозбаевдин маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп жана талкуулап, 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясында белгиленген ишкердикти өнүктүрүү боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруу менен айыл аймагында 2014-2020-жылдар мезгилинде ишкерликти өнүктүрүү максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айыл аймагында 2014-2020-жылдар мезгилинде ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн Программасы бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү аймакта ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүнүн Программасындагы иш чаралардын белгиленген мөөнттөрдө, так аткарылышын камсыз кылсын. Мезгил-мезгили менен иш чаралардын аткарылышы боюнча жооптуу кызматкерлердин отчетторун өз отурумдарында угуп турууну колго алсын.
3. Жооптуу кызматкерлер Программада белгиленген иш чараларды жүзөгө ашырууда ак ниет атаандаштыкты камсыз кылуу, биринчи кезекте жергиликтүү сырьего кайра иштетүүгө негизделген ишкердик субьекттеринин, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн иштиктүү демилгелерин колдоого алуу, алардын күч аракеттерин координациялоого өзгөчө көңүл бурсун.
4. Айылдык кеңештин депутаттары айыл аймагынын ар тараптуу өнүгүүсүндө Программадагы иш чаралардын маани-маңызы, ишкердиктин ролу боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасында түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүшсүн.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо милдети айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.. (З.Абдуллаев, Б.Алимбеков,Б.Тагаева).
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|