Редакцияот 19.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы

 

2014-жылдын 19-ноябры № XХII-7

Төө-Моюн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

 Төө-Моюн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын акыркы варианты боюнча айыл өкмөтүнүн боюнча башчысы С.Абдуллаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 8-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун 2014-жылдын 4-мартындагы № 01-24-19 буйругу менен бекитилген Жергиликтүү жамааттын Уставын талкуулоо жана кабыл алуу боюнча Колдонмого ылайык айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төө-Моюн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын тиркелген Уставы бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдуллаев айылдык кеңештин ушул токтомун жана жергиликтүү жамааттын Уставын белгиленген тартиптерге ылайык расмий жарыялоо, ошондой эле мамлекеттик реестрге киргизүү иштерин уюштурсун.

3. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун түзүүдө жергиликтүү жамааттын Уставын 1000 (миң) даана өлчөмүндө китепче кылып чыгаруу үчүн каражат кароо айыл өкмөтүнүн ФЭБинин башчысы А.Дубанаевке тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровко жүктөлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Кадыров