Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 2
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-2016-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-2016-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кеңешинин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Э.Кулуевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Кёмър шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 8- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-2016-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кеңешинин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын. /маалымат тиркелет/
2. Шаардын 2014-2016-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу № 1; 2; 2.1; 2.2 тиркемелерге ылайык жактырылсын.
3. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-2016-жылдарга жактырылган алгачкы божомолун Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жөнөтүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |