ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № XХII-9
Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарда айыл
чарбасын Өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары М.Орозбаевдин маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп чыгып, “2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясынында” белгиленген агрардык секторду өнүктүрүү боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине негиз айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарда айыл аймагынын айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча түзгөн Программасынын иш чаралары бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү: Программада белгиленген иш чаралардын сөзсүз аткарылышына жетишүү үчүн айыл аймагынын агрардык секторундагы прогрессивдүү дыйкандардын , ишкерлердин потенциалын багыттоо, жергиликтүү адамдык жана материадык ресурстардан натыйжалуу пайдалануу боюнча аракеттерди жүргүзсүн;
-майда дыйкан чарбаларын ирилештирүү, өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кооперациянын артыкчылыктары тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жандандырсын;
-айыл аймагынын жер кыртышынын жана климаттык шарттарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен айыл чарбасын адистештирүү, айыл чарба жерлерин натыйжалуулугун жогорулатуу, сугат сууларын сарамжалдуу пайдалануу боюнча туруктуу иш алып барсын.
3. Айылдык кеңештин депутаттары өздөрүнүн шайлоо округдарында Программада белгиленген иш чараларды жүзөгө ашырууда өз ыйгарым укуктарынын чектеринде айыл өкмөтүнө ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (Б.Алимбеков).
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|