Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясы
2013-жылдын 5-марты № 4-7
“Айыл өкмөтүнүн 2012-жылга кабыл алынган бюджетинин
аткарылышы жана 2013-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы М.Дубанаевдин 2012- жылга кабылалынган бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун жана 2013-жылга бюджеттин долбоору боюнча маалыматын, ошондой эле сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы М.Дубанаевдин айыл өкмөтүнүн 2012-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы боюнча отчету көңүлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2013-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү-10508,9 миң сом, чыгаша бөлүгү-10508,9 миң сом өлчөмүндө тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. 2013-жылга кабыл алынган бюджеттин киреше бөлүгүн салыктардын жана төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча өз мөөнөттөрүндө толтурулушун кмсыз кылууга айыл өкмөтүнүн бүткүл дарамети каратылсын жана салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жыл ичинде туруктуу жүргүзүлсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы М.Дубанаев: . -кабыл алынган бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн беренелерге ылайык так аткарылы- шын камсыз кылсын жана бюджетке киреше түшүрүүнүн кошумча булактарынын резервдерин табуу боюнча туруктуу иш алып барсын. 5.Бюджеттин аткарылышынын жарым жылдык отчету угулуп, киреше бөлүгүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша, каражат бөлүнбөй калган социалдык маселелерди чечүүгө бюджетке өзгөртүү киргизүү маселеси каралсын. 6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы, инвестиция маселелери жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (З.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|