Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-июну № 3
Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат М.Кыдыршаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 8- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме, ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат М.Кыдыршаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Муниципалдык Менчик Департаментине (Н.Шамурзаев), милдеттендирилсин:
-Шаардын жана шаарчанын ичиндеги таштандыларды өз убагында график боюнча алууга жана чыгарууга жетишүү;
-Шаардагы жана шаарчалардагы көчө жээктериндеги арыктарды тазалап туруу, тратуарлардын жана ички жолдордун чункурларын тез арада оңдоп түзөөгө жетишүү жагы;
-Канализациялар боюнча долбоор жазып, ондоо чараларын көрүү (Куруучу кичи району, Кызыл-Алма, Шамалды-Сай);
-Дарактардын куурап калуусуна жол бөрбөө, өз убагында суугарып туруу, малга жедирбөө;
-Олтургузулган көчөттөрдү бухгалтердик негизги каражат (фондун) катарына тизмеге киргизүү жана ген.планга олтургузулган көчөттөрдү киргизүү;
-Кичи райондогу жаштар эс алуу багындагы бак-дарактарды кайра жандандыруу;
3. Мэрияга милдеттендирилсин:
-Депутаттык комиссия сураган маселелерге тийиштүү маалыматтарды туура, толук жана өз убагында берүү жагы;
-Шаардын тазалыгы, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча Муниципалдык Менчик Департаменти менен аймактык башкармалыктар биргеликте реалдуу иш чараларды иштеп чыгып, тыгыз байланышта иш алып баруусун көзөмөлдөө, координациялоо же алардын аткара турган иштерин так аныктап, бөлүштүрүп берүү ишин күчөтүү жагы;
-Жогорудагы белгиленген иштердин аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышы боюнча шаардык Кеңешке кийинки сессияга чейин маалымат берүү жагы.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына ( М.Кыдыршаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |