Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-июлу № 5
Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү толуктоолорду киргизүү боюнча мэриянын 29.05.2013-жылдагы № 01-12/417, 06.06.2013-жылдагы №01-12/442, 07.06.2013-жылдагы № 01-12/461, 14.06.2013-жылдагы №01-12/524 жана мамлекеттик салык кызматынын Таш-Көмүр шаары боюнча башкармалыгынын 12.06.2013-жылдагы №652 -кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин, сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 8 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү толуктоолорду киргизүү боюнча мэриянын 29.05.2013-жылдагы № 01-12/417, 06.06.2013-жылдагы №01-12/442, 07.06.2013-жылдагы № 01-12/461, 14.06.2013-жылдагы №01-12/524 жана мамлекеттик салык кызматынын Таш-Көмүр шаары боюнча башкармалыгынын 12.06.2013-жылдагы №652- кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын. /маалымат тиркелет/
2. Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын башында калган калдык каражаттын эсебинен, төмөндөгүлөргө чыгымдалсын:
-Шамалды-Сай Жалпы дарыгерлер Практикалык Борборундагы (ЖДПБ) стерилдөө бөлүмүнүн капиталдык ондоо иштери үчүн - 150,0 миң сом;
-Тендик аймагындагы “Центр-1” насостук станциянын электр кыймылдаткычынын ремонт иштерине - 40 000 сом;
-шаардык Г.Атабекова атындагы аймактык ооруканага кардиологиялык аппараттарды сатып алуу үчүн – 135,0 сом;
-А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебинин территориясын цементеп тегиздеп ирээтке келтирүү үчүн – 15 000 сом;
-мамлекеттик салык кызматынын Таш-Көмүр шаары боюнча башкармалыгынын имаратынын жылуулук системасын орнотуу иштери үчүн – 35 000 сом;
-М.Темирбаев атындагы №11 орто мектебинин 2 “Тансу” электротказанын орнотуу үчүн – 195,0 сом.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |