Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 19-ноябры № 8/38
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын
Кош-Дөбө айыл аймагында турмушка ашыруу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы Жарлыгын аткаруу максатында Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы Жарлыгын аткаруу Кош-Дөбө айыл аймагынын С.Орозбаков А.Албесов атындагы орто мектептерде жана клуб китепканаларда аткарууга алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин токтомдору сайттарга кыргыз тилинде жарыялансын.
3. Мамлекеттик тил мыйзамынын жоболоруна ылайык туураа жазылуусу көзөмөлдөнсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |