Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 9/44
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017 жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы боюнча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Абыкеевдин отчету
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017 жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөт башчысы Абыкеев Темирболоттун билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кош-Дөбө айыл аймагында 2013-жылы социалдык чөйрөсүнө негизинен стимул берген гранттардын эсебинен каржыланган бир топ инвестициялык долбоорлор ишке ашырылды.
-2013-жыл. Кара-Саз айылынын көчөсү 12,0 миллион сом
-2013-жыл. “О” антенасын орнотуу- 1000000 сом
-2013-жыл “Кашаң-Бээ” көпүрөсүн куруу- 350,0 миң сом
-2013-жыл №3 Кара-Күңгөй ҮДТга суу жана күн аркылуу электр энергиясын берүүчү 10кв кичи ГЭС куруу-40,0$
-2013-жыл. Кара-Саз айылынын фонарлары 150,0 миң сом спонсорлор аркылуу
-2013-жыл столбасы 90,0 миң сом айыл өкмөтү аркылуу -2013-жыл Кара-Саз айылынын көчөлөрүнө коюлган банерлери 20,0 миң сом.
-2013-жыл Кара-Саз айылынын остановкасы 100,0 миң сом
-2013-жыл Кара-Саз айылынын Аркасы 250,0 миң сом демөөрчүлөр аркылуу
-2013-жыл Кара-Күңгөй айылына мечит курулууда 25,0 $
-2013-жыл Кара-Күңгөй айылынын маданият үйүн кап ремонттон өткөрүү 1810,2 миң сом
-2013-жыл Кара-Күңгөй айылына фонарларды алып келүү 57,0 миң сом
-2013-жыл Кара-Күңгөй айылынын көчөлөрүнө коюлуучу банерлери 20,0 миң сом.
2013-жыл Кара-Күңгөй айылындагы БСР 10 миллион 250,0 миң сомдук иш аткарылууда
Жаңы түзүлгөн жумуш орундары боюнча
2013-жылдын ушул мезгилине карата 1 жыгач устакана, 1 дан эгиндерин комплекстүү кайра иштетүүчү ишкана (К.Молдобаев), 1 нан бышыруучу ишкана 2 жаңы соода түйүнү ачылып, жалпысынан 20 жаңы жумушчу оруну түзүлду.
-2013-жыл “Нур азык” нан бышыруучу цехи 4 кыз-келиндер иш менен камсыз болуп эмгектенүүдө.
-2013-жылы Кара-Күңгөй айылында чач тарач ачылып 1 адам жумуш менен камсыз болду.
-2013-жылы “Кызылай коому” тигүүчү цехинде 3-кыз келин иштөөдө.
-2013-жылы Кара-Саз айылына “Бал челек” 2 адам иш менен камсыз болду. Жогорудагыларга токтолуп жана алдыда аткарыла турган төмөндөгү иштер тууралу маалмат берди.
2014-2015 жылдар арасында жасалуучу иштер
1. Кара-Күңгөй БСР жакшы деңээлде бүтүрүп алуу керек.
2. Кара-Күңгөй мечит, Клуб, Таза-Суу боюнча дыкат иш алып баруу.
3. Кара-Күңгөй айыл ичиндеги көчөлөрдү асфальт төшөтүү.
4. Көчө жарыктарын койдуруу банерлерди илдирүү.
5. Кара-Күңгөй №32 трансформаторун бөлдүрүү өзүнчө, Кара-Саз Сыдыков Шаршебек раздатка жок.
6. Эки айылдын ортосундагы көпүрөнү оңдотуу керек тез арада.
7. СПА иштерин жандандыруу баардык латоктор жараксыз абалга келди ошолорду оңдоого жардам керек.
8. Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын жаштарына жер жок.
9. Кара-Саз айылын бийик тоолуу айылдардын катарына киргизүү.
10. Кара-Күңгөй Кара-Саз айылдарына бала бакча.
11. Жашылдандыруу көрктөндүрүү. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылам:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017 жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөт башчысы Абыкеев Темирболоттун аткарган иштери жакшы деңгээлде жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Кош-Дөбө айыл аймагындагы ИСКАКБлардын, жайыт кеңештерин ишин колго алуу алардын төрагаларынын жоопкерчилигин көтөрүү, жана таза суу үчүн бекитилген тарифтерди жайыт акыларын өз убагында чогултулушун камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. 2014-жылдын жазгы айдап себүү, күзгү оруп жыюу убагында орун алган кемчиликтерди терең анализдеп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу менен 2014-жылдагы талаачылык иштерине азыртадан даярдык көрүү, мал чарбасынын азыктуулугу жогорулатуу үчүн малдын ылаңдарына каршы ветеринардык тейлөөнү жогорулатуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин максатуу пайдалануу жана ижара акылары өндүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында профилактикалык иштерди дайыма жүргүзуп туруу, калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөөнү жакшыртуу боюнча аракеттерди көрүү, айылдардагы үй-бүлөлүк дарыгерлик тобун кадырлар менен камсыз кылуу жагы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси М.Жумаев жана М.Жансеркеевге тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшарылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |