Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын III сессиясы
2013-жылдын 23-февралы № 3/5
Шагыл топурак алууга жана таштандыларды төгүүгө жер бөлүп берүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл тургундары курулуш курууга Эчки-Башы айылындагы Уй-сарайдын артындагы Эчки-Башы суусунун жээгинен шагыл,Боз -Бешик тоосунун этегинен топурак,Оттук айылынын “Чийлүү колот” участкасынан шагыл,топурак алууга тыюу салуу жана таштандыларды төгүү үчүн жер болуп берүү жөнүндө XXVI шайланган айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштандыларды төгүү үчүн Эчки-Башы айылынын уй сарайындагы мурунку силос аңынан 200 м2, Эчки-Башы айылында Он-Арча суусунун жээгинен 500 метр алыс аралыкта жайгашкан 200 м2 жерге, Боз Бешик тоосунун этегинен топурак, Оттук айылынын “Чийлүү колот” участкасынан шагыл,топурак алууга уруксаат берилсин.
2.Таштандыларды чогултуп,айлана тегеректи тазалатуу,таштанды төгүүчү жайды түшүндүрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл аймагынын кызматкерлерине тапшырылсын.
3.Башка айылдардын айыл аймагынын жашоочулары уруксаты жок шагыл,топурак алууга жана таштанды таштоого тыюу салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Болотбековго жана айыл башчы С.Ташболотовго тапшырылсын.
Оң-Арча айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Босунов |