Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-июну № 7
Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын 08.05.2013-жылдагы № 11/1-3-24-13 сунушу жөнүндө
“Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын 08.05.2013-жылдагы № 11/1-3-24-13 сунушу тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 8 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таш-Көмүр шаардык прокуратурасынын 08.05.2013-жылдагы № 11/1-3-24-13 сунушу тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык Кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдор мындан ары өз убагында“Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн Мамлекеттик Реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |