Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-июну № 8
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары жөнүндө
Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча комиссиясынын төрагасы Э.Эрназаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 8 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мандат жана этика” боюнча комиссиясынын мүчөсү Н.Карапашованын маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин депутаты “Ата Мекен” саясий партиясынан Жылтырбеков Жанузак Керимбаевичтин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынан “Ата Мекен” саясий партиясынын тизмеси боюнча кийинки талапкерди аныктап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |