Редакцияот 04.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2013-жылдын 4-сентябры № 5/8

Он-Арча айыл өкмөтүнүн административтик имаратынын ичине С. Усупбековдун бурчун ачуу жөнүндө

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын ичинен коомдук ишмер Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, Кыргыз Республикасынын Эл депутаты, маркум Усупбеков Садыктын Он- Арча айыл өкмөтүнүн ( мурунку Коммунизм колхозу) соцаилдык –экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымын эске алып, айылдык Кенештин XXVI  шайланган Vсессиясы токтом кылат:

1. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административтик имаратынын ичине коомдук ишмер Усупбеков Садыктын бурчу ачылсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы маркум С. Усупбековдун балдарына тапшырылсын.

3. Токтомду көзөмөлдоөө жагы  Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М Болотбековго жүктөлсүн.

 

Оң-Арча айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. Босунов