Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2013-жылдын 24-декабры № 6/2
Оттук айылындагы китепканага Байгазиева Мыскалдын атын берүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынынОттук айылындагы китепканага “Эл агартуунун отличниги”,Нарын районунун ардактуу атуулу,”Элетайым”өкмөттук эмес уюмдун төрайымы,райондук, айылдык денгээлдеги долбоорлор менен иштеген Байгазиева Мыскалдын атын берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын сунушун талкуулап XXVI шайланган Он-Арчаайылдык Кенешинин VI сессиясы токтом кылат:
1. Он-Арчаайыл аймагынын Оттук айлындагы китепкана Байгазиева Мыскал атындагы китепкана болуп, “Эл агартуунун отличниги”,Нарын районунун ардактуу атуулу,”Элетайым”өкмөттук эмес уюмдун төрайымы,райондук, айылдык денгээлдеги долбоорлор менен иштеген Байгазиева Мыскалдын аты берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Жолдошаалыуулу Даниярга тапшырылсын.
Оң-Арча айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Босунов |