Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2014-жылдын 14-марты № 8/4
Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттоодо калк тарабынан өздүк салымды чогултуу жөнүндө
Ж.Иманалиев атындагы орто мектеби 1962-жылы курулуп, ишке берилген. Курулган жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. Учурда мектептин имаратынын чатырчасынын шиферлери сынып, жараксыз болгодуктан жаандын суусу кирет. Кантромарка менен жылытылып класс бөлмөлөрү суук. Жылытуу системасын алмаштыруу, чатырчаларын ондоп-түзөө максатында түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттан 3297000 сомго долбоор даярдалып жатат.
Жогорудагыларды белгилеп, XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кенешинин VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Иманалиев атындагы орто мектептин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоор колдоого алынсын.
2. Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттын долбоорун даярдоо жагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектептин директору Г.Байсымаковага, ишке ашыруу жагы
3. Он-Арча айылдык аймактын башчысы М.Болотбековго милдеттендирилсин.
4. Долбоордун жалпы каржыныны 5% накталай акча каражаты -164850 сомду жана 5% жумушчу күчү менен жасалуучу иштерди айылдын калкы тарабынан чогултууларына кепилдик берет.
Оң-Арча айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Босунов |