Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-сентябры № 1
Масы айылдык кеңешинин токтомдору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы №743-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөгү» Жобосунун 5-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү» Типтүү Жобосунун 6-пунктуна ылайык Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын токтомдору Ноокен жаңырыгы газетасына жарыялансын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасы С.Арзиевке тапшырылсын.
Масы айылдык кеӊешинин төрагасы |
С. Арзиев |