Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 18-февралы № 8/5
Сон-Көл айыл өкмөтүндөгү клубду капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Сон-Көл айыл өкмөтүнүн карамагындагы клубду капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү грант менен 3300000 (үч миллион үч жүз мин) сомго капиталдык ремонттон өткөрүүгө долбоор жазуу жөнүндө карап депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин V-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык клубду капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түрткү берүүчү грантка долбоор жазылып каржы министрлигине тапшырылсын.
2. Айылдык клубду капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салымы үчүн 5 пайыздык 165000(бир жүз алтымыш беш мин) сом Сон-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражатты төлөп берүү жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р.Калманбетовага милдеттендирилсин.
4. Калган 5 пайыздык 165000(бир жүз алтымыш беш мин) сомдук жумушту аткарууда ашар жолу менен уюштуруп берүү жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановго жүктөлсүн.
Сон-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Байбостонов |